күңкү2
- Буруксуп жыттануу, бураган жыт чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…урак, / Чыдай албай титиреп, / Өнүп турган дал-дарак, / Ажыдаардай сүрдөнүп, / Ач карышкыр түрдөнүп, / Борошо жүрүп жаткандай, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Жайдын күнкү аптаптай, / Жалындай тийсе ысыгы, / Кирпиктери бириндеп, / Жер бетинде турган чөп, / Токтоно албай кыймылдап, / Жел соккондой дырылдап, / Мурдунан чыккан тынуу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түнөгөн түнү эл нетти, / Өтө сүйкүм жагымдуу, / Ошол күнкү түн өттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Касиеттүү эр Бакай, / Карап элди байкаса, / Ошо күнкү келгенден, / Сүйүнбөй бенде калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ылжыке, / Жарасына дары чаап, / Жакшылап атып Чолпонай, / Бар керегин жам кылып, / Белендеген Алтынай, / Жай алгызып жаткырып, / Көзүр баатыр Көкбука, / Жаткан күнкү маалында, / Ордунан туруп сакайды, / Мээ кайнаган ысыкта, / Оттой күйгөн куу кумда, / Төрт күн талбай чабышкан, / Жетик баатыр Акы дөө, / Ысыган кумдун заарына…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каныкейди караса, / Умай эне ал экен, / Семетейге серп салса, / Он төрт күнкү ай экен, / Уккан кепте болжолу, / Ал Жүсүпчө бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →