күң
- Кул аял.
- Бирөөгө толук көз каранды, ар кандай кара жумуштарды иштеп, кожоюндун эзүүсүндө болуп, анын каалаганындай үй кызматтарын аткарган укуксуз аял.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күң кыламын кызың, — деп, / Көзүнөн аксын кандуу жаш, / Өлбөй туруп себелеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда Манас кеп айтат: / — Акылман Бакай, — деп айтат, / Акылы жок жинди күң, / Абамды сууга салабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тунук сулуу Айчүрөк, / Олжо кылып аламын, / Сени токол күң кылып, / Казанчы кылып саламын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →