күчө

китептерде 83 жолу, 9 китепте
  1. Күч алуу, катуулоо, улам артуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Туура кармап найзаны, / Карысынан кан кечип, / Как балтырдан жин кечип, / Учурап калган немесин, / Бүткүл кырып түгөттү, / Барган сайын Таңгыттар, / Өлбөгөндөй күчөштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чигитей айтып ийди эле, / Кубатай кулак салбады, / Ырыскан тыңшап калбады, / Басылбады күчөдү, / Бул экөөнүн жаңжалы, / Бастырып барып Чигитей, / Чылбырдан экөөн кармады: / — Не болдуңар, баатырлар, / Эмне кеп бар айтыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кылычты кындан суурганда, / Кыйкырыгын күчөтүп, / Кыйрынан келип урганда, / Балтаны таштап Кененим, / Найзаны оңдоп имерди, / Кылыч чапчу оң колдон, / Каржиликтен булчуңга, / Найзаны муштап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Бирмыскалдын бачымдап, / Күчөп калды толгоосу, / Тоо бөксөрүп күн түшө, / Бирмыскалды Каныкей, / Аман-эсен төрөттү, / Жерге жарык бүт түшө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абалын билдим, экөөнү, / Катар сайып алайын, / Кара дөө менен үчөөнү, / Ойунан алып Кутургур, / Мурункудан күчөдү, / Күн бешимден убагы, / Карап бекер турбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →