күч

китептерде 689 жолу, 10 китепте
  1. Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, адамдын (жандыктын) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу.
  2. Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы.
  3. Ишти, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү. Бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли, кубат, энергия, кайрат.
  4. Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк.
  5. Бийлик, кудурет, таасир.
  6. Мүмкүнчүлүк, шарт, чама.
  7. Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы.
  8. Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү.
  9. Аскерлер, кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар.
  10. Эмгек, кызмат, жардам.
  11. Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз кылганы күч болуп, / Нескара, Уушаң, Мурадил, / Кылычка каны майланды, / Алманбет уулу Күлчоро, / Нескарадай чоң дөөнүн, / Башын кесип байланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат олоңун бекиттик, / Оодарышып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачакта… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пил жетпеген бир топко, / Пилден күчүм кем эмес, / Мен Чынаача өзүм бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда-санда Семетей, / Гүлчоро доошун эшитет, / Күңгүрөнүп бир кезде, / Күч менен сүйлөйт күч менен, / Жана мындай кепти деп: / — Кулагым менин уга албайт, / Айткан кепти калтырбай, / Такыр угуп чыга албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →