күтүн
- Күтүп алуу үчүн даяр туруу, камдануу, даярдануу, камылга көрүү.
- Кармоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарашага барам, деп, / Дайарланган күтүнүп, / Кененим кепке түшүнүп: / — Карыйабыз Аккубак, / Сакал-чачың баары аппак, / Болуп жаткан иштерди, / Жашырып-жаппай биз айтсак, / Тажиктердин Көкбөрү, / Ары баатыр, ары хан, / Өзү куйбу жылкыдай, / Чубут туулган адамдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…енен Медеркан, / Башка-башка биздерге, / Көкөй далай кеп кылган, / «Актанып катын жатат» деп, / Арамдык нээтке бүтүлдү, / Ошондон бери карата, / Медеркан башка күтүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап турат Кененим, / Камынбай да, күтүнбөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ей, / Бала тууду Семетей, / Пайгамбардай зор Кошой, / Бүгүн келбей калыптыр, / Келе турган жолуна – / Оролмонун Сеңирге, / Көчүп барып жол тосуп, / Бээни сойуп күтүнүп / Өз үйүмө түшүрүп, / Бата алсам экен” – деп, / Үстүндөгү ордонун, / Тутуларын бүктөтүп, / Нарларына жүктөтүп, / Накылай көчүп кетиптир, / Каныкей эми нетиптир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качантан бери күтүнүп, / Кан ичүүгө эңседиңн,?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →