күт

китептерде 148 жолу, 10 китепте
  1. Келет деп же кандайдыр бир аракет, окуя, жооп, уруксат ж.б. болот деп токтой туруу, күтө туруу, аярдап тура туруу.
  2. Болот деген ишеничте, ойдо, үмүттө болуу.
  3. Тосуп алуу, каршы алуу, барктап сый көрсөтүү.
  4. Өзүндө бар же өз карамагындагы малдын, нерсенин ж.б. камын көрүү, багып-кароо, кармай билүү.
  5. Ээ болуу, кармоо, сактоо, бар болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эмне кабар келет деп, / Сактап күтүп калгандыр, / Жердигине тапшырбай, / Өлүктү сактап салгандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атайлап Көкөй кат жазып, / Таласка киши жиберген: / “Бир кызым бар меники, / Чигитей, болсун сеники, / Көөнүндө кири арылсын, / Арамдык күтпөй эрдики. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы, – деп сырын айтат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →