күрөң

китептерде 83 жолу, 6 китепте
  1. Кофенин өңүнө окшогон, коңурга жакын түс.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, / Кылжыр менен Күрөңкө, / Биз билебиз сыйкыр, деп, / Кыйкырасың тим күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күрөңдүн угуп дүбүртүн, / Куткарбастын Чычкансур, / Бүжүрөңдөп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мөкүбалду найза алды, / Күүлөнгөн найза күркүрөп, / Эпкини менен найзанын, / Жердин бети дүңкүрөп, / Кой күрөң менен каргытып, / Койуп барат Сейитек, / Баатырдын уулу жалгызың, / Кутургурду теңсинбейт, / Кутургундун ойунда, / Сенден артык эрмин, — дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бири мала кызыл, бири күрөң — эки музоосу бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →