күрөш1

китептерде 96 жолу, 10 китепте
  1. Эки киши кармашып, бирин-бири жыгууга кылган аракет.
  2. Салгылаш, беттешкен кармаш.
  3. Кандайдыр бир максатты, ишти аткаруу үчүн болгон кызуу аракет, кыймыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ы жок ой кылбай, / Кыргыздан кошуун жыйнады, / Кененимге туйдурбай, / Аты-тонун ылгатты, / Найза сайар кылдатты, / Айбалтага мыктууну, / Чойунбашка шыктууну, / Күрөшсө онду жыкчууну, / Жебени жаага кергенди, / Атканын жазбас мергенди, / Беттешкенин жеңгенди, / Колунан жумуш келгенди, / Басташканын алганды, / Жеңишке чыккан ча… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Бактылуу менен байлашып, / Багың тайды, билбедиң, / Күчтүү менен күрөшүп, / Күчүң жанган кезегиң, / Саа береби Каныкей, / Сабылып көчүп не келдиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Күрөшкөндө, жумушка келгенде өзү теңдүү балдардын камбылы. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Падыша кыз кайрадан күрөшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →