күрөк
- Жерди казуу же бир нерсени шилөө үчүн колдонулуучу, жалпак, жазы учу бар узун саптуу эмгек куралы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаң…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бешкулактын кийгени, / Алты кабат күрөкө, / Күрөөкөнүн сыртында, / Бутта калдыр теминген, / Көөдөнүндө чарайна, / Калдыраган темирден, / Башындагы туулга, / Баары чойун келишкен, / Куйма чойун жиги жок, / Отко салып эриткен, / Далыда калкан үч кабат, / Бешкулак каапыр келайтат, / Араң жылып пил менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойлоп атып уктабай, / Таң агарды түнөөдө, / Кара дөө камбыл эр эле, / Кийгени соот күрөккө, / Эртең менен көрүнсө, / Бурулбай кармап көрөм, деп, / Курч байланды жүрөккө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн тууган Гүлчоро, / Бозжоргону мингизип, / Күрөкө менен олпокту, / Кабаттап ага кийгизип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Топуракты каса турган күрөгүм жок, сен тоодогу кийикке баргын да мүйүзүн сура.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →