күрүч
- Шалы.
- Шалынын даны.
- Палоо, шалынын данынан жасалган тамак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аңгеме-дүкөн кураштык, / Жүргөн жөндү сураштык, / Атбашыдан беш киши, / Келаткамын сизди деп, / Алтымыш нарга дөдөлөп, / Актап күрүч арттырып, / Келайтканмын жесин деп, / Таласка жакын калганда, / Учурады Аккубак, / Келайтыптыр сизди издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Медеркан элге башкартып, / Беш кишини кутчу алып / Беш төөгө күрүч арттырып, / Таласты көздөй тарттырып, / Айлынан чыгып кетиптир, / Дагы алты күн жол жүрүп, / Таласка тору ат жетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Хандын күчү эл менен, / Катын күчү эр менен, / Кыйандын күчү сел менен, / Булуттун күчү жел менен, / Буудандын күчү жем менен, / Күлүктүн күчү тер менен, / Күрүчтүн күчү дем менен, / Дыйкандын күчү жер менен, / Тайанар жалгыз төрөбүз, / Жаман жолго жөнөлдү, / Жаның тирүү көрөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шоошактын башын чалбаган, / Чуңкурга келсе аттаган, / Жекендин башын чалбаган, / Жейренге жетпей калбаган, / Күрүчүн күрдүк айдаган, / Күлүктөрүн карасаң, / Күрүчкө жемдеп байлаган, / Күндө жарак шайлаган, / Арпасын күздүк айдаган, / Аттарына карасаң, / Арпага жемдеп байлаган, / Айда жарак шайлаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Арпадан берди түктөйтүп, / Күркүлдөк болуп калат, деп, / Чуркаганда күч келип, / Өпкөсүнө тап кетип, / Күрүчтөн берди жемимди, / Жетилтти антип демимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →