күрсүлдө
- Күрс-күрс эткен дабыш чыгаруу, күрс-күрс этүү, дүңкүлдөө.
- Корс, орой сүйлөө; күпүлдөп бак-бак сүйлөө.
- Кайраттуу, катуу кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көнүшүп калган Көкбөрү, / Күрсүлдөшүп жатканда, / Келип калды хан Калдык, / Кете берди Көкбөрү, / Күндү күнгө уладык, / Түндү түнгө уладык, / Дүмөктөштүк далайга, / Бир кезекте хан Калдык: / — Аш ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Хан Сыргактын сыр найза, / Тоо томкорот тик сайса, / Оң колтуктун көбүк эт, / Дал өпкөнүн тушу, деп, / Кан жөткүрүп күрсүлдөп, / Чирип өлсүн Чанак, деп, / Манастап Сейит бакырды, / Телкүрөң кулак жапырды, / Сырнайзаны өпкөгө, / Төш жаргыча батырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Бузуп кирип кетем” — деп, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Күүлөп колго алышты, / Күрсүлдөтүп салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бакдөөлөт турду оолугуп, / Күрсүлдөп сүйлөп буулугуп: / — Манастын уулу Сомбилек, / Байатан айткан кебиңден, / Коркуп кетчү мен эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →