күрс

китептерде 19 жолу, 8 китепте
  1. Оор нерсе жерге түшкөндө, жөтөлгөндө ж.б. учурларда кескин чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Каракөз айтканда, / Күрс дегинче жөтөлүп, / Көкбөрү башын көтөрүп: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Сурасаңар менден сөз, / Бир чатырда турабыз, / Жоголушуп бетме-бет, / Кек алар болсоң кыргыздан, / Кезеги мунун келген кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Торчуларын карасаң, / Торлорун толгоп көтөрүп, / Баш болгон анын чоңдору, / Айбаттанып, сүрдөнүп, / Күрсө-күрсө жөтөлүп, / Он миңи келди жабылып, / Жөө күлүктөн беш миңи, / Жана келди камынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мейитип сөзгө калп ыйлап, / Токтосарт күрс-күрс жөтөлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Күүлөп чокмор колго алды, / Көрүнүп турган урчукту, / Күрс дедире бир салды, / Оморулуп урчук таш, / Түзөлүп орду калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →