күрпүлдө
- Күрп-күрп эткен дабыш чыгаруу, буркулдап, уруна күрүлдөп агуу.
- Бак-бак этип күпүлдөп сүйлөө, бакылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтайлык казак бузулуп, / Жапандакы Кызылдөө, / Жалгыз көздөө жалаңгыч, / Көкбукачан Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Ушаңдын уулу Усанген, / Мурадилдин Карагул,- / Баарын казак кычырып, / Күрпүлдөктүн бойунда, / Кан кечишкен ойунда, / Ошондо элге таанылдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күрпүлдөгөн бир далай, / Көрдүңбү күнөө Манастан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрлик кандай, жол кандай, / Боло бербейт айткандай, / Найза сайдың айанбай, / Кылыч чаптың тайманбай, / Эчтекени көрбөстөн, / Көөнүңдөгү кепти айтып, / Күрпүлдөдүң ар кандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ичиме батпай арманым, / Иле кылып сөз курап, / Көчүрүп алдап казакты, / Күрпүлдөккө алпардым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →