күрмө1

китептерде 55 жолу, 8 китепте күрмө 2 →
  1. Жеңи жок кыска бешмант.
  2. Костюмшымдын күрмөсү, шырымал, фуфайка сыяктуу жеңил сырт кийимдердин жалпы аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башын алсаң бааша сен, / Башын катса банаа сен, / Ийбелген жок баашага, / Күрмөөгө тили келбеди, / Шоорукта эми ал канча? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошол капыр чочконун, / Ачуу басып акылын, / Жан көрүнбөйт көзүнө, / Булдурттап тили күрмөлбөй, / Түшүнбөй адам сөзүнө, / Тик багып киши карагыс, / Кысталактын жүзүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Топко кирди жарылтып, / Кишинин баары элейген, / Тирүү туруп элейген, / Тил күрмөгөн киши жок, / Кими менен иши жок, / Кырк баатыр жүрөт бакырып, / «Манастап» ураан чакырып, / Кара кытай, калмакты, / Айдап жүрөт жакырып, / Эрен Чубак, Сыргактын, / Эсендигин көргөндө, / Айкөл Манас баатырдын, / Көөнү кетти ачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…— Эки айдын алдында, / Мен бир белги көргөнмүн, / Гүлчоро менен Сейитек, / Каныкей менен Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок, / Аз жери бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →