күркүрөк

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Күрүлдөгөн, күркүрөгөн дабыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе жаткан карааны, / Карап туруп Гүлчоро, / Келе жаткан карааны, / Карап туруп Гүлчоро, / Калыбекти сынады: / Салкыны сырттын желиндей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Өңүнүн заары көрүнөт, / Куу чаар жылан түрүндөй, / Азыркы келе жатышы, / Кирген нардын сүрүндөй, / Алкымында күркүрөк, / Толкуган көлдүн үнүндөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Жарк-журк этип келип тириде жок катуу дабыш менен күн күркүрөгөндө музоолор диртилдеп жыгачтардын түбүнө корголоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →