күркүрө

китептерде 333 жолу, 10 китепте
  1. Күрүлдөгөн, күүлдөп жаңырыктаган дабыш чыгаруу, күр-күр этүү.
  2. Катуу чамынган күүлдөгөн же каарданган абалда болуу.
  3. Дүркүрөп өсүп-өнүгүү, абдан жетилүү, болуп турган мыкты абалга келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап турду күркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп найзасын, / Күү чыгарып качырды, / Көмө сайып кетем деп, / Көкжал төрө баатырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ктеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчородон айрылса, / Кыргыздын иши оңорбу?”- / Деп ойлонуп эр Семең, / Тай буурул менен бурулуп, / Сыр найзасын колго алып, / Манастап уран чакырып, / Манастын атын укканда, / Кутургур калды шашылып, / Ач жолборстой күркүрөп, / Абакең тийди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →