күркүлдө
- Күү-күү эткендей дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…акчелекей – будуңчаң, / Жүз миң аскер дүбүрөп, / Келе бери, Сейити, / Өлтүрөйүн өзүм, деп, / Тапан хан барды бүркүрөп, / Жайыла берди көп аскер, / Эстери чыгып күркүлдөп, / Ангыча жетти желмогуз, / Ченем-ченсиз жасанып, / Бойго жеткен кыз болуп, / Порумданып сүлкүлдөп, / Конушбайды мойнунан, / Байлап алып жетелеп: / — Сейити, к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арпадан берди түктөйтүп, / Күркүлдөк болуп калат, деп, / Чуркаганда күч келип, / Өпкөсүнө тап кетип, / Күрүчтөн берди жемимди, / Жетилтти антип демимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →