күрзү
- тар. Урушта, чабышта колдонулуучу, баш жагы жоон келген, металлдан уютулуп жасалган жоо куралы, чокмор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мырзалар басып керилип, / Кеп айтаардан эринип, / Күрзүлөрүн көтөрүп, / Балбан турат дардайып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…инде бир-бирин, / Кеңгиреп карап турушуп, / Баш-аламан урушуп, / Пайдасы жок бир жумуш, / Бар кийимин жулушуп, / Эч айласы кеткенде, / Күңгүрөнүп жер тиктеп, / Күрзүнү күүлөп турушуп, / Кеч кирип кайра жанды эле, / Жай-жайына барды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үйдөй болгон күрзүнү, / Опколжуп келип салышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көрсөттүм деп күчүмдү, / Күүлөнгөн бойдон барганы, / Күрзүсүн күчкө илбеди, / Күүлөнгөнүн билбеди, / Сомбилек күрзү чаптырбай, / Көмө сайып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →