күпүй
- Калың кийим кийинип, долдойгон көрүнүштө же күпшүйгөн зор, бараандуу кебетеде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарамышы чыйралып, / Булчуңу катып бошобой, / Баштары шишип күпүйүп, / Жол-жол болуп жошодой, / Атбашы кетти Бактыбай, / Бир жүз төрттү үйрөнүп, / Ачык болуп көөнү жай, / Кармашарга эл болсо, / Бодолгосуз жолу шар, / Кездешип калган душмандын, / Кетер жолу болот тар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүткөн бойу жанчылып, / Челектей башы тулуйуп, / Бүт бойу шишик күпүйүп, / Кара бойун караса, / Казандай эти карарып, / Кирпиги араң мыдырап, / Өлбөгөн тирүү жан калып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн шашке кези экен, / Көрөлү деп кыздарды, / Күпүйүп басып барышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →