күпчөк
- Дөңгөлөктүн сырткы алкагы менен таяктарын бириктирип туруучу, орто жери көзөнөк жана жоонураак келген бөлүгү, тегирмендин барасынын ушул сыяктуу ортоңку бөлүгү.
- Териден ышталып, бөйрөктүү челек формасында, ар түрдүү чоңдукта жасалган, туткасы бар идиш.
- Шишиктин же кандайдыр бир башка нерсенин чыңалып, көөп кеткен абалы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.