күпкө1

китептерде 1 жолу күпкө 3 →
  1. Күн тийбес кылып, жасалгаланып даярдалган атайын жай, сере.
  2. Жаш төлдү (көбүнчө козу, улакты) убактылуу кармоо үчүн атайын жасалган жылуу жай (жер кепе, кээде чымдан ж.б. жасалып, чөп, саман төшөлүп, капталдары, үстү жылууланып курулат).
  3. өт. Күпкөлөп багуу, ардактап, кастарлап, дайым кам көрүп, бапестеп багуу, кароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак жамбы таштай кулады, / Алтынын күпкө куйганы, / Малдан арбын өлүүнү, / Бай Көкөтөй жыйганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →