күп1

китептерде 20 жолу, 7 китепте күп 4 →
  1. Цилиндр формасындагы май бышып алуучу узунча, ичкерээк келген жыгач челек.
  2. Кымыз ачытуу же бозо салуу үчүн да колдонулуучу малдын терисинен жасалган идиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п бал койуп, / Каймакка бышкан нан койуп, / Канык кара чай койуп, / Чыны менен жай койуп, / Куурдак менен май койуп, / Көөкөрлөп арак көп койуп, / Магзым менен күп койуп, / Бал чайкаган кымыздан, / Сапты айакка куйушуп, / Эңкейе басып кош колдоп, / Конокторго сунушуп, / Отко койчу аттарын, / Жетелеп балдар суутуп, / Той б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кол салып бирөө барбаса, / Кокус жаман кылбаса, / Күптөгү зарың албаса, / Ороңду уурдап ачпаса, / Не барасың айакка?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шайтаны бойдон күбүлсүн, / Акимсинген бул бурут, / Аманат жандан түңүлсүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колундагы чынары, / Жалбырак калбай күбүлүп, / Бутактары сынып түгөнүп, / Өзөгүнөн чынары, / Тараша кетип жарылып, / Шалдырап калган кези экен, / Көзүн ачып алайып, / Алдынкы ээрдин жаланып, / Эки жагын каранып, / Сейитке уруш салам, деп / Дагы чынар таап алып, / Бастырды Чанак далайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Таштан ташка секирген, / Назик муңдуу үндөрүн, / Аккан суулар келтирген, / Жер жайнаган чечекей, / Гүлдөрүн күбүп түшүрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →