күнөөлүү
- Күнөөсү бар, жүрүм-туруму же кандайдыр бир айыптуу иши боюнча уятка калгыдай, күнөөкөр болгудай жаңылыштыгы бар, айыптуу, кылмыштуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп бакырып ламасы, / Күнөөлүү кылып аларды, / Калтырбай элди айдады, / Ордодо жаткан багылып, / Алтымыш балбан бар дагы, / Баштап жүргүн аларды, / Ламасы бар сардары.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Гүрүчү кемчил дечү эле, / Алты атанга гүрүч арт, / Алты куржун зар артын, / Алты киши котчу алгын, / Жети болуп, Медеркан, / Желе-жорто сен баргын, / Мөңкөтайдай сырыңды, / Жашырсаң тирүү эмессиң, / Жашырбай айтсаң чыныңды, / Сен күнөөлүү эмессиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ким күнөөлүү, кимдер сак, / Көпчүлүктү ылгайлы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эр өлтүрүп, күнөөлүү болгон немедей, башын жерге салып, муңайып отурган дуңганга олунуп, стражник:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Буга мен күнөөлүү!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →