күнөө
- Коомдук тартипти, жүрүш-туруш нормаларын бузуудан, кандайдыр бир жаңылыштык кетирүүдөн келип чыккан айып, жалпы эле жазыктуу, айыптуу мамиле, кимдир бирөөнүн кылмыштуу аракети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Булуттан күлүк ат минип, / Барган киши мен болсом, / Барбачу киши болобу, / Барбаган ойго койомбу, / Жети күндөн күн болжоп, / Билермендик мен кылдым, / Бул күнөөмдү арстаным, / Кечирсеңиз болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куткарбастан жарыңды, / Алып берет деп айтты, / Артыңан ээрчип жүрөйүн, / Угушпай найза салыпмын, / Кечирээрсин күнөөмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ак боз бээни баш кылып, / Көбүрөөк кылсаң түлөөнү, / Кечирет кудай күнөөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →