күнөстө
- Күн нуруна кактануу, күн чубактаган, күн нуруна бөлөнгөн абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күнөстө жүрдү бай Жакып, / Күнү-түнү мал багып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тардык кылды Балыкарт, / Барскоон ашып көчкөнмүн, / Күнөстөн ары өткөнмүн, / Айагы кууш суусу шар, / Жылкыга болду жери тар, / Күнөстө чыдап тура албай, / Актокойго келип мен, / Актокой атын өчүрдүм, / Буурултокой ат кой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күнөстөн нары карата, / Так Манаска баргынча, / Адыр тоосу малга жай, / Атактуу Эренкабырга, / Кой кыштаткан адырга, / Калмактан келип калдыбы, / Каңгып жүрүп аларга, / Асман көлдүн адырын, / Бөлүп салган жер эле, / Бугу менен маралга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…салалбай, / Жайылган бойдон мал калган, / Таштаган экен айдабай, / Короонун оозу бекилүү, / Эчки-улак, кой-козу, / Сололуу бойдон мал калган, / Бышылдап жаткан күнөстө, / Жуушаган бойдон уй калган, / Комдолуу бойдон нар калган, / Кокжойуп оттоп төө калган, / Төрт туйагы тегерек, / Чабуулга минсе жараган, / Жылкыдан неме калба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →