күнүнө
- Күн сайын, күнүгө, бир күндүн ичинде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төлгөчү салып төлгөсүн, / Күнүнө айтат көргөнүн: / — Куту бий, Манас – булардан, / Баркөл, Кумул, Турпандан, / Урушка келет көп адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бербеймин деп айтканга, / Чынгыштын алы келбеген, / Салынуу кашык каадасы, / Калың малы бар, — деген: / “Жетимиш там үйүм бар, / Жеке алтынга толтургун, / Жетимиш миң кул бергин, / Жергелетип эл бергин, / Жер жайнатып мал бергин, / Күнүнө бирден адамды, / Тандап сойуп мен жеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтыдан киши ар жылы, / Отун алчуу бул үйгө, / Кийим кийип, аш ичип, / Түткөрө албай отунду, / Кыйналуучу бул үйдө, / Далысында кечир жок, / Бул окшогон эсир жок, / Күнүнө бирден көтөрүп, / Жыйнаган отун тоо болду, / Эртең менен бир убак, / Тойгузуп койсоң не болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Өзү бала күнүнөн шок чыккан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал балага ажыдаардын тили бүтүп, ажыдаарга күнүнө бир кыз, бир кой берип турмай болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →