күнүмдүк
- Бир күндүн ичинде иштелген иштин өлчөмүндөгү, чегиндеги, бир күндүк.
- Түбөлүк эмес, күндөлүк, учурдагы, убактылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күнүмдүк оокат кечирген, / Кедейиң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күнүмдүк берип мал пулдан / Кызыл дөөнү узатсам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бузук кыйал болбосун, / Күнүмдүгүн карабай, / Түбөлүгөн ойлосун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →