күнүгө

китептерде 31 жолу, 8 китепте
  1. Күн сайын, ар күнү, дайыма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айарлар, аттан күнүгө, / Кыргызга болгун аралаш, / Күнүң менен түнүндө / Убада бер, айарлар, / Хан Кетиркей, Чакмакташ, / Жагалмай менен Кардыгач, / Башын кесип келүүгө, / Башканын баары табылды, / Сырлуу сыйкыр жок экен, / Кыргызды кадам бастырбай, / Камап салган кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Былк этпей жатып үйүңдө, / Байбичеңдин төрүндө, / Хан Жакып деп калгандар, / Келип турса күнүгө, / Ошонуң ыраат эмеспи, / Карып калган күнүңдө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейит мындан кеткенче, / Балбан Тапак, Чойтолоң, / Кеп кылалбас Тазкара, / Кеп менен чагып күнүгө, / Мени кылат маскара, / Куткарбаска барам, деп, / Сейит айтты алдында, / Куткарбастан жеңилсе, / Калганды өзүм билермин, / Куткарбасты оодарса, / Ийинге чындап сийермин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Туйгун экен Токтосарт, / Күнүгө чыгып талаага, / Ар бир жердин бетинен, / Атасынын көп дүйнө, / Тапшыра берди четинен, / Мурун өзү бекиткен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →