күнчүлүк

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Бир күндүк, бир күндүн ичинде басып өтүүчү (жолго, жол жүрүү аралыгынын болжолдуу ченемине карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошончо аттын ичинен, / Көрө албадык Кератты, / Кайта карап жөнөдүк, / Аркабызга ал атты, / Бир күнчүлүк аркада, / Калганын көрдүк ал атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элчи келет үч күндө, / Айтумуш менен Чынгыштын, / Калбасын кеби ичинде, / Үч күнчүлүк жол экен, / Эми келдим сиздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Айкөл Манас арстандын, / Аз күнчүлүк дүйнөдөн, / Аттанганынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тийген күнү бузулду, / Ушул чапкан балтанын, / Чак деген үнү көп элге, / Үч күнчүлүк жерлерге, / Үйдөкүдөй угулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Каркырадан бир күнчүлүк ары —Ысык-Көл деген жер болот,— дедим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →