күндөш

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Бири-бирине карата күнү аялдар, күнүлөш аял.
  2. Бири-бирине эрегишип, ичи тардык кылган, күнүлөшкөн аялдар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Бүгүн жүрөм мен минтип, / Алаштын элин кыдырып, / Жараткан акка сыйынып, / Гүл багым кыйрап ор болуп, / Күкүртүм эрип шор болуп, / Күйөөрүм куурап кор болуп, / Күндөшүм дуулап зор болуп, / Турганына ардыгам, / Ушул бүгүн Бейжинде, / Коңурбай менен Мурадил - / Эки чочко чоң болуп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эки күндөш Ак кандын кызын көрө албай, кайынсиңдисин багалбай өлтүрүп алыптыр деген жаманаттыга калтырыш үчүн "кыздын башын сен кара, ошондо мен мээсине темене кагайын, ошентип кызды өлтүрөлү", – деп кеңешип, Ак кандын кызыныкына келишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Эки күндөш кызды боюна тарта башташат, бири жүйрө олтуруп кыздын башын карайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →