күндөп-түндөп

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Күндүз да, түнкүсүн да, жарыкта да, түн катып да, тыным албай, күндүр-түндүр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арыбы артык Майтору, / Күндөп-түндөп баратат, / Адам эмес, айбанга, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ктыбай, / Жоодар чалга туйдурбай, / Адырды карай бет алды, / «Жаш Бактыбай адырдан, / Аркар көргөн экен» деп, / Алдастаган Жоодар чал, / Ат айабай жол жүрүп, / Күндөп-түндөп мол жүрүп: / «Бактыбай кайра кеткиче, / Тажиктердин кошуунун, / Баштап келсем үлгүрүп, / Кош олжолуу болдук» деп, / Бити батпай ичине, / Жоодар чал барат сүйүн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эми, Чубак, экөөбүз, / Токтолбой жөнөп кетели, / Кайырдынын бойуна, / Түн бойунча жетели, / Күндөп-түндөп барбасак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошентип күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир шаардын четине жетип, бир жесир аялдын үйүнө түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →