күндөлүк

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы.
  2. Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж.б. эскерип жазып жүрө турган дептер.
  3. Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж.б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…келет жол тосуп, / Арстаным, сага жол кошуп, / Ачалбарс тийет колуңа, / Ким чыдайт сага жолошуп, / Төкөр уста Бөлөкбай, / Күтүп ал көөнүн оорутпай, / Эр жарагы күндөлүк, / Найза менен балта бар, / Бөлөкбайдан башка уста, / Жасай албайт эч кандай, / Далы менен төлгөдөн, / Мен угамын көргөндөн, / “Ыстырлап” алам колума, / Унутуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →