күндөгү

китептерде 19 жолу, 5 китепте
  1. Күндө боло берүүчү, боло жүргөн, кадыресе, кадимки, адаттагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурфанудан Бекбача: / — Абал мурун башында, / Сени көрдүм күүгүмдө, / Көргөндүн баары таңданаар, / Ал күндөгү түрүңө, / Өңүң жадап кер сары, / Болуптурсуң бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыз кызыгын эске алып, / Кыткылыктап Тапан хан, / Эртелеп ичип тамагын, / Жатаарга жетпей ашыгып, / Жарыкта чечип чапанын: / Жакын келгин, күйгөнүм, / Жанымды берип сүйгөнүм, / Күндөгүдөн көбүрөөк, / Ысып барат жүрөгүм, / Кирпигиң тиктеп качан деп, / Сени күйүп жүрөмүн, / Өлгүчөктү жолдош деп, / Өмүрүңдү тилейим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…стырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар бекен зобанын, / Эшитип үнүн калайын” / Деп ойлонуп Кара дөө, / Тирмейип тиктеп турганда, / Каадасынча күндөгү, / Жыйырма кыз алдында, / Жыйырма кыз артында, / Өткөнү бара жатканда, / Бастырып аттуу бара албай, / Же чылбырынан ала албай, / Далдаңдап чуркап Карадөө, / Ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →