күндүзү

китептерде 30 жолу, 6 китепте
  1. Күндүзгү маалда, таң аткандан күн батканга чейинки мезгилде, күндүзгүсүн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аш берем деп жер чардап, / Ар бир ишке бышыктуу, / Күндүзү таттуу, түн ачуу, / Булактарга тушукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күндүзү кезек урушта, / Түндөсү баатыр Чигитей, / Түйшүктү салды бул журтка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ортодон чыкты Чолпонбай, / Кыйын заман, мүшкүл күн, / Кыргыздын эли тынч албай, / Күндүзү сайыш жоо бети, / Түнкүсү малдын күзөтү, / Кирпик ирмеп уйку албай, / Жата албай чыкты Чолпонбай, / Таң атканча уктабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Түндөсү боону тарттырган, / Топосун сыртка ташыткан, / Күндүзү кайта ноо койуп, / Суу менен оозун бастырган, / Үстү менен суу аккан, / Түбүндө айар жай казган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күндүзү кечке куш салып, / Түнкүсүн жатып уйку алып, / Эр Семетей жүргөнбү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →