күндүзгүдөй
- Күндүзгү мезгилдегидей, жапжарык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бечетин жыртып Керкөкүл, / Катка көзүн салганы, / Бүдөмүк тарткан бүүрүлдө, / Көз байлаган күүгүмдө, / Күндүзгүдөй окуган, / Бу да мыкты эр экен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желжетпес деген аты бар, / Өзү жалгыз келаткан, / Эл алдында чамынып, / Бөркүнө жакут тагынып, / Күн батканда жакут таш, / Күндүзгүдөй жарып, / Келе жатып Куйалы, / Чүрөккө калды кабылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күндүзгүдөй жарылып, / Жата албастан Айчүрөк, / Жаратканга жалынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты Канчоро, / Кирип келди шартылдап, / Карагул башын байланып, / Корккондон берки үчөөнүн, / Күндүзгүдөй түн жарык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →