күн
- Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катарында эсептелүүчү асман телосу.
- өт. Күн нуру.
- Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү, таң аткандан караңгы киргенге чейинки мезгил.
- Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил.
- Жалпы эле мезгил, кандайдыр бир окуяларды, белгилүү бир учурларды, жыл мезгилин ичине алган убакыт.
- Белгилүү бир доор, жашоо мезгили, замана.
- Жашоо абалы, жан сактоо, өмүр сүрүү шарты, оокат-тиричилик, турмуш.
- Мү-чөлдүк тарых, айдын белгилүү катар саны, кандайдыр бир окуяга, салтанатты белгилөөгө арналган дата.
- Жаан-чачын, тумандуулук, абанын температурасы сыяктуу атмосферанын ал абалы, аба ырайы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чыныбектин келерине бир күн калганда, хандын бир вазири келип Айымсулууга:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →