күмүштөн

китептерде 27 жолу, 7 китепте
  1. Күмүштөй агарган, жаркыраган көрүнүштө болуу, күмүш өңдөнүп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтындан кылган жан казан, / Ашкананын оозуна, / Күмүштөн кылган туулгага, / Дүмүнөн салып көмөргөн, / Салган шырдак четине, / Күмүштөн чеге чөгөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жер козголуп калтылдайт, / Алдында минген чабдар ат, / Алоолонуп алкылдайт, / Саадагы сары жез экен, / Көз уйалтып жалтылдайт, / Доолбасы кызыл мис, / Чымын тийсе зыңкылдайт, / Айбалта сабы күмүштөн, / Күн чагылса жылтылдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Казы-карты, жал койду, / Кездик салса бойлогуз, / Жайа бычып май койду, / Капагы менен бал койду, / Каймакка бышкан нан койду, / Кашыктары күмүштөн, / Куурдак менен чай койду, / Эзген курут аралаш, / Томоруп сары май койду, / Аңкагандар жутсун, деп, / Токтотуп койду бозону, / Кымыздан тарткан арактан, / Бо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алп каракуш үстүндө, / Учуп келет калкылдап, / Күмүштөн бетер канаты, / Күн чагылып жаркылдап, / Бүркүт келет алдында, / Эки көзү жалындап, / Кыргый келет зыпылдап, / Карчыга келет кыпылдап, / Ителги келет баркылдап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бар шайманы күмүштөн, / Кун чагылып жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →