күмүштөй
- Күмүш сыяктуу, аппак, жаркыраган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жиберүүчү кишиңди, / Бүтүрүп толук ишиңди, / Айкөлгө жазган катыңды, / Минип барар атыңды, / Баарын мага көрсөткүн, - / Деп, ошентип хан Кошой, / Карылык кылып каркылдап, / Ителгидей баркылдап, / Ээгиндеги күмүштөй, / Аппак сакал жаркылдап, / Ойлошуп мүшкүл кыйынды, / Кеңеш үйдөн кетишти, / Жай-жайына эл тарап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күмүштөй болуп сакалы, / Абакеңдин жаркылдап, / Алдындагы Бозжорго ат, / Туйагын жерге мылгытып / Тумарын көккө ыргытып, / Баладай жалы былкылдап, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Асаба колдо калкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →