күлүш

китептерде 21 жолу, 6 китепте
  1. Жаш бөбөк жаңыдан күлө баштоо, жылмайганга, күлгөнгө жарай калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чынгыш менен көрүшүп, / Калжыңдашып күлүшүп, / Какжайышып олтурду, / Ичтеги кебин төгүшүп: / — Айтумуш хан, келипсиз, / Бар беле зарыл ишиңиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тамаша кыла жүрүшүп, / Тамылжышып күлүшүп, / Эриккенде чоролор / Эки-экиден бүрүшүп, / Биринин айыбын бири айтып, / Түбүнөн бери сүрүшүп, / Сүйгөндөрүн кеп салып, / Теңтуштарын табышып, / Өксүп кийин калганы, / Ат айабай жарышып, / Арадан кыйла күн кетип, / Намангендин үстүнөн, / Коконго келди түз жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Сейитке көрүшүп, / Кашкаңдашып күлүшүп, / Капасы жок сүйүнүп, / Башта булар турушкан, / Эр Тапактан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыздын баары күлүшүп, / Семетейди көрүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →