күлүктүк
- Тез жүгүргөндүк, ылдамдык, күлүк жылкыга же башка айбандарга, транспорттун түрлөрүнө ж.б. таандык касиет, сапат.
- өт. Ырдаганда, сүйлөгөндө ж.б. токтолбой шар кетүүчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күлүктүгү Жылбастын, / Мааникерден кем эмес, / Тулку бойу Жылбастын, / Тотучалык деги эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күлүктүгүм ким билет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каныкей угуп мындай кеп, / Гүлүскө айтат мындай деп: / — Андай болсо, Гүлүсүм, / Абам минген мал экен, / Кулагынын түбүндө, / Күлүктүк белги бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күлүктүгү чын болсо, / Беттешкенден чегинбей, / Беттешип барып көрөйүн”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мунун «күлүктүгүн» ошондон баамда: кээде, баласын урам деп айгырын минип алып кубалаганда, жөө немеге жетпей калуучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →