күлүк

китептерде 242 жолу, 9 китепте
  1. Мыкты жүгүргөн, жүрүшү, чуркаганы тез, ылдам.
  2. Катуу жүгүргөн, күлүктүгү жагынан таанымал болгон жылкы.
  3. Тынбай удургуй берген, тез-тез өзгөрүлүп турган, учкул.
  4. Алдыда, алдыңкы катарда экендигин, мыктылыгын, башкалардан өзгөчөлүгүн билдирүүчү эпитет катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат айдаган тарапты, / Аты бар, аты жогу да, / Баарысы тиктеп карашып, / Чаң созулуп чыкканда, / Дүрдүгүп турат жайнашып, / Даекчилер ат минип, / Дайарданып жардашып, / Күлүк аттын ээлери, / Көзүн бардап карашып, / Сүйүнөбү, күйөбү, / Көздөрүнөн жаш агып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин айтканы: / — Бөөрү-жору болот деп, / Көзгө басар малына, / Күлүк аттын жалына, / Кыргыздар байлайт айбаалы, / Айбаалысың сен дагы, / Жер менен жексен кыламын, / Сендей нечен айбанды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кутунайдын Камбылкер, / Аталуу күлүк мал эле, / Кыргыздар атты чапканда, / Бештен төмөн түшпөгөн, / Ортосунда бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Коркконун билип булардын, / Жалгызек турду муну айтып: / — Коркпогула, туугандар, / Мындай тамсил бир кеп бар - / “Сулуу кыз менен күлүк ат, / Кыраан бүркүт, зил тайган- / Төртөөнүн баасы жок болот” / “Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элдер айтып келаткан, / Ушул болот “эки жо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайра тартып калкылдап, / Күлүктөрү алкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →