күлкү

китептерде 33 жолу, 10 китепте
  1. Кубангандыгын, көңүлү көтөрүлгөндүгүн, шаттангандыгын, ырахаттангандыгын, тамашалагандыгын же кимдир бирөөнү шылдыңдагандыгын ж.б. үн чыгара каткыруу, кыткылыктап же жылмайып күлүү аркылуу билдирген ички сезим.
  2. Шылдың, келеке, мыскыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолборс чыгат суналып, / Илбирс чыгат чубалып, / Карышкыр чыгат кабышып, / Чөөлөр чыгат каткырып, / Адамдай күлкү салышып, / Көрүнгөн жанды кетирбей, / Такыр атып алышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…к деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады калмактын; / Күлкүсү чыгып кылыңдап, / Шылкылдады калмактын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мас болгондой шылкылдап, / Күлкү кыстап баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайнаган от, аккан сел, / Аркырап шамал, учкан куш, / Айуу, жолборс, шерлери, / Чөөлөр менен түлкүсү, / (Адамдын келет күлкүсү) / Буура менен букасы, / Кутурган ит кабучу, / Жок болуптур баарысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кеп сүйлөбөй муңайып: / — Кандай кебиң, Сейтек, / Сен жүрөсүң мени аңдып, / Кошулар чагың боло элек, / Жашың толгон кездерде, / Кошпой Кыйаз койчу эмес, / Ойунуңду ойноп, күлкү күл, / Жок кепти айтпай бокту жеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →