күлдүрө

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Калдыр-күлдүр этүү, күлдүрттөө, күлдүр-күлдүр этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жети хан келип күлдүрөп, / Жети жүз билгич дүнгүрөп, / Ордо баккан көп жигит, / Ойротто жок кырк жигит, / Баары катар турушуп, / Хандардын атын алышып, / Аркы-терки бурушуп, / Сарт байлоо кылып салышты, / Бошонуп кокус кетер, деп, / Чийе байлап бекемдеп, / Бошонуп кетсе кокустан, / Уйат кылаар бекен, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он төрт хан келди күлдүрөп, / Кырк чоро келди күжүлдөп, / Чукул кирип келгенде, / Алмамбет айтат күлүңдөп: / — Учураша бурулдук, / Каныкей жеңе, сизге, — деп, / Азыраак кызмат кылабы, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир айтканда күлдүрөм, / Бир айтканда күйдүрөм, / Жүрөгүңдү ар күнү, / Жүгүрүк сөзгө тилдирем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алп Коңурбай, Нескара, / Артынан келген аскерин, / Ар тарапка бөлүнтүп, / Күлдүрөтүп топ артып, / Күчүн күүлүү көрүнтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →