күлдү
- Бүткүл, жалпы, бүт, мүлдө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нди; / Жакып хандай кеселди / Каныкейдей жесирди, / Семетейдей жетимди; / Баштан-айак калтырбай, / Жомокчу айтып билдирди, / Кээ кезинде элдерди, / Сагызгандай күлдүрдү, / Кээ кезинде элдердин, / Алтымыш алты тамырын, / Зыркыратып күйдүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аны менен түгөнбөйт, / Атайлап кулак салыңар, / Колдоочуң жанда бар болуп, / Көрүнөө Кызыр жар болуп, / Ак туйгун болсо кушуңуз – / Душманга тийип мушуңуз, / Күлдү жооңун баарына, / Күндөй тийип табыңыз, / Көңүлү мейип багынып, / Күлдөгөн экен багыңыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күн батышка баспа — деп, / Күүгүмдө өтүп кетпесин, / Күлдү кытай байка” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Падышам -деди вазир, – күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →