күлгүн

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Кандайдыр бир өңдүн ачык, жаркырап-жайнаган жаркын түсү.
  2. Жаш, гүлдөп турган, жаркырап-жайнаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ип жашынып, / Аманат жандан түңүлүп, / Корккон элдин көзүнө, / Асмандагы күн күйүп, / Кар агарбай карарып, / Жер көрүнбөй күдүңдөп, / Ак кара айра таанылбай, / Күлгүн тартып бүрүлдөп, / Жер козголуп жайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кар көчкүлөр күрүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түнүндөсү жаткырып, / Күн тийгенде бастырып, / Тополоң уйуп, жер чаңдап, / Тозоңу көккө жазылып, / Ободогу жарык күн, / Күлгүн тартып күдүңдөп, / Түнүндө жылдыз көрүнбөй, / Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, / Ашыгып келет Шоорук хан, / Ылдамыраак жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…н тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жер күлгүндөй көрүнүп, / Көк ала жашыл саймадай, / Чөптүн гүлү бөлүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айтып элге угузуп, / Бир жылы толук кам кылып, / Күлгүндөрүн бүктөтүп, / Күлүктөрүн байлатып, / Жакындап калды күз, дешип, / Жетитөр өрдөп эл көчтү, / Суусамырды көздөшүп, / Отуз миң байдын үйлөрү, / Орду менен конду эми… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →