күл3

китептерде 379 жолу, 10 китепте күл 1 →
  1. Күлкү келерлик кеп-сөз укканда же тамашага, кандайдыр бир окуяга карата же көңүлү көтөрүлүп, шаттанып, кубанып турганда ж.б. өзгөчө сезимин билдирип каткыруу, кыткылыктоо, жылмаю аркылуу күлкүсүн чыгаруу.
  2. Бирөөнү жактырбай табалаганын, шылдың кылганын же бирөөнүн оюн, ички сырын ж.б. биле койгондугун күлкү аркылуу билдирүү.
  3. Жадырап-жайнаган абалды, шаңдуу-шат көрүнүштү билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетимиш ашып жашаган, / Ак ала сакал Козубек, / Олуйалар колдо, деп, / Күлчоро, Хотен тоосунда, / Ушу бүгүн жөлө деп, / Аңгычакты Йобалы, / Жетип келди күжүлдөп, / Жеткен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала са… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кытай Кыйар кылыйып, / Күлүп койду мылыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →