күкүрт
- Өнөр жайларда, айыл чарбасында, согуш иштеринде, медицинада колдонулуучу сары түстөгү күйүүчү химиялык элемент.
- диал. Ширенке.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көп экен деп шашпаган, / Көөнүндө ишин баштаган, / Күкүрттөн кийин күч алып, / Күйгөн оттой түтөгөн, / Түбүнөн Манас тукуму.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ей көзү чекчийип, / Акакташып солушуп, / Көттөрүн жерге койушуп, / Кайта ордунан кобушуп, / Аттарына камынып, / Күрөөкө тонду жамынып, / Күркүрөшүп күч алып, / Күкүрттөй ичи тутанып, / Буттап темир курчанып, / Аңгычакты болбоду, / Күүгүм кирди күн батып, / Аскер түштү атынан, / Даам ичип, тынч алып, / Жана чыкты таң атып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күкүрттөн бетер күч алып, / Күлүп ойнойт экенбиз, / Күндө сайран, күндө той, / Көңүлдү дуулайт экенбиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күндөн-күнгө күч алып, / Күкүрт болду Сейити, / Арбытып салып ар күнү, / Армандуу башка кейишти, / Элимди бөлүп четинен, / Эрлеримди ээрчитти, / Эрликтен мени тайгызып, / Эл-журтумдан кемситти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айкын талаа бак болсо, / Жер көгөрөт экен го, / Күкүрттөн кыйын күч алып, / Эл көгөрөт экен го, / Эл менен жер жарашып, / Тең көгөрөт экен го, / Кутулуп жоодон болуп шат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →