күйөөлүк
- Күйөөнүн абалы, күйөөнүн милдети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк жал Манас баатыры, / Күйөөлүк жолун күтүп тур, / Көз көргүс жерге түшүптүр, / Көргөн жүрөк үшүптүр, / Бай Жакып жетип келгенде, / Карбаластап Карахан: / — Топурак учуп чаң басып, / Туманда калды биздин шаар, / Байлык менен мал айдап, / Кыз алганы келдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →