күйөө2

китептерде 112 жолу, 10 китепте күйөө 1 →
  1. аңч. Жайылган тордун ичинде байлооч байланган чыбык.
  2. Өрмөктү чаташтырбай согуу үчүн жиптерди чыбыкка үстүнөн топ-топ кылып байлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошол кастык кылган го, / Ойлошумча так ошо, / Кызылкызды жиберем, / Жинге барып келгин деп, / Татылданын күйөөсүн, / Мага таап бергин деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Он алты жашка келипмин, / Көрмөк тургай күйөөнү, / Атын угуп билбепмин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Барам деп айтып ийе албай / Ал Манастан айбыгып, / Жакып бай жүрөт алдастап, / Түйдүрбөй ичтен камынып, / Күйөөсү менен кызынын, / Келүүгө көөнүн жай кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Семетейдин Сейитек, / Таласка келип алам деп, / Кеткен эле күйөөбүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп баягы күйөөсү келген сууга келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →