күйөр
- Азап-тозогуна, кайгы-капасына каралашып жан тартуучу, кайрылышып жардам берүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойлорунда турушту, / “Келбейт деп буга эч бенде, / Күдүңдөп Бетер кеп баштап: / — Күйөрүм, Отор, — деп баштап, / Кулагың угуп сен кеттиң, / Күүлөндү Батай кыйгачтап, / Экөөбүздү бир деди, / Кудай урсун бул экөөн, / Түпкүлүгүн билбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыз бойумча жүрөмүн, / Кырк жылы сени күйөрмүн, / Кыйалы башка болот деп, / Болбосун ойдо күмөнүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элге күйөр эр экен, / Эрдиги анын чын экен, / Айтканы акыл кеп экен, / Бул дегени эп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →